Карантинде үйдөн ооз ачалы! Муфтий Токтомушевдин элге кайрылуусу видеодо

15 апреля 2020 Карантинде үйдөн ооз ачалы! Муфтий Токтомушевдин элге кайрылуусу видеодо

Видео муфтияттын расмий YouTube каналына жүктөлдү.

Токтомушев ыйык Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, орозону үйдөн кармоого чакырган.

"Рамазанда орозону тутуу бул бардыгыбызга милдеттүү парз. Орозону биз үйдө кармайбыз. Ооз ачарды үй-бүлөбүз менен чогуу үйдө кылабыз. Абал турукташканга чейин таравих намаздарын дагы үйдө окуйбуз. Учурда жума намаздын ордуна бешим намаз, беш убак намаздарды, фарстарды да үйдөн окуп жаткандан кийин таравих намазын да үйдөн окуй туралы. Кудай кааласа, бул кыйынчылыкты түшүнүшүү, бири-бирибизге кол сунуу жана тартипти сактоо менен жеңе алабыз", — деген муфтий.

Учурда Орозо айынын так убактысы айтыла элек.

Эске сала кетсек, кечээ президент Кыргызстанда өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узарткан Жарлыкка кол койгон.

sputnik