Ошто өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун комендатурасы билдирди.
Комендант Малик Нурдинов жазгы талаа жумуштары жүрүп жатканына жана күндүн узарганына байланыштуу коменданттык сааттын убактысын 16-апрелден тарта кечки саат 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин белгилөө боюнча буйрук чыгарган.
Буга чейин коменданттык саат 20.00дөн эртең мененки 7.00гө чейин киргизилген болчу.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн апрелдин аягына чейин узартуу боюнча жарлык чыгарган. Ага кошуп Нарын шаары менен Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал жарыялады.