Өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди

14 апреля 2020 Өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди

Өзгөчө абал режими Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районуна жана Нарын шаарына да киргизилди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта 18-марттан 14-апрелге чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы катталганы айтылат. Анын ичинде Нарын шаарында беш, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 19 факты тастыкталды.

Жарлыкта төмөнкүдөй талаптар каралган:

Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен тарта саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин;

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалсын;

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында комендатура түзүлсүн;

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасы жөнүндө жобо бекитилсин.

Аталган Жарлык менен толук КР президентинин сайтынан таанышууга болот.

Ушу тапта Кыргызстанда өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларында, ошондой эле Сузак, Ноокат, Кара-Суу жана Ат-Башы райондорунда иштеп жатат.

sputnik