ЕАЭБ президенттери видеожыйын өткөрөт? Эмне тууралуу сөз болот

14 апреля 2020 ЕАЭБ президенттери видеожыйын өткөрөт? Эмне тууралуу сөз болот

Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү коронавирус менен биргеликте күрөшүү маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды.

Жолугушуу шейшемби, 14-апрель күнү, видеоконференция форматында өтөт. Маалыматта айтылгандай, жолугушууда вируска каршы күрөштөн тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын турукташтыруу маселеси дагы каралат.

Макулдашуулардын жыйынтыгы менен Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү биргеликте билдирүүлөрдү таратышат.

sputnik