Штаб президентке өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну сунуштады

13 апреля 2020 Штаб президентке өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну сунуштады

Ыкчам штаб медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков аны кабыл алып жатканда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Боронов мамлекет жетекчисине көрүлүп жаткан ыкчам чаралар жана кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы жөнүндө толук маалымат берди.

Президент Жээнбеков жолугушуу учурунда коронавирус инфекциясы менен түздөн-түз күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин жана башка адамдарды жеке коргонуу каражаттары, башка бардык зарыл нерселер менен камсыздоого дагы бир жолу өзгөчө көңүл бурганы айтылат. 

Мындан сырткары, өлкөдөгү эпидемиологиялык жана макроэкономикалык кырдаалды жөнгө салуу боюнча натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кырдаалга терең, комплекстүү талдоо жүргүзүү зарылдыгын айтты. Түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте калктын социалдык аяр катмарына жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. 

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Боронов алгачкы этапта реагенттердин жоктугунан улам анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын эске салды. Бүгүнкү күндө жыйынтыктар толугу менен алынды, ага ылайык, оорулуулардын саны да көбөйүүдө. Ал акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун жайылуусунун чегине жеттик деп айтуу али эрте экендигин белгиледи.

"Оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алып, Боронов Республикалык ыкчам штабдын атынан медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди. Бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгы менен шартталган", — деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге Республикалык оперативдүү штабдын жетекчиси социалдык аяр жарандарды, убактылуу жумушсуздарды, кичи жана орто ишкерлик субъектилерин, медиктерди, күч жана башка тиешелүү структуралардын кызматкерлерин колдоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

Коронавирустун Кыргызстанда жайылышы

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын ичинен 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

sputnik