Кыргызстанда дагы 42 кишиден коронавирус чыкты

13 апреля 2020 Кыргызстанда дагы 42 кишиден коронавирус чыкты

Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 419 болду.

"Бишкекте 10, Чүй облусунда алты, Ош облусунда тогуз, Ош шаарында беш, Жалал-Абад облусунда эки, Нарын облусунда тогуз, Баткен облусунда бирөө катталды. Арасында 16 медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

Ал эми инфекция аныкталган беш киши каза болгон.

sputnik