Ноокатта коронавирус аныкталган бир адам каза болду

10 апреля 2020 Ноокатта коронавирус аныкталган бир адам каза болду

Кыргызстанда коронавирус аныкталган бир киши каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, маркум Ноокат райондук ооруканасында дарыланып жаткан. Кайтыш болгон кыргызстандык 87 жаштагы эркек киши экени айтылат. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны бешке жетти.

“Тилекке каршы, кечээ бир киши кайтыш болуп калды. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, — деди Каратаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумду.

sputnik