Кыргызстанда дагы 18 кишиден коронавирус чыкты. Жалпы саны 298ге жетти

10 апреля 2020 Кыргызстанда дагы 18 кишиден коронавирус чыкты. Жалпы саны 298ге жетти

Кыргызстанда дагы 18 кишиден коронавирус аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, катталгандардын жетөө аял, 11и эркек киши. 

"Арасында беш медицина кызматкери бар. Бишкек шаарында бирөө, Чүй облусунда сегиз киши, Жалал-Абад облусунда үчөө, Ысык-Көлдө бир киши катталды", — деди министр.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

sputnik