Өмүрбек Бабановдун бир тууган эжеси көз жумду

9 апреля 2020 Өмүрбек Бабановдун бир тууган эжеси көз жумду

Өмүрбек Бабановдун улуу эжеси каза болду. Бул тууралуу саясатчынын жакындары билдиришти.

Айтымдарында, Бабановдун бир тууган эжеси көптөн бери ооруп жүргөн. Аны 8-апрель күнү Казакстандын Тараз шаарында акыркы сапарга узатышкан. Маркум болжол менен 60-61 жашта болчу.

Депутат Руслан Казакбаев саясатчынын эжеси 8-апрель күнү каза болгонун тастыктады. Айтымында, маркумдун аты-жөнү Эркеайым Токтогуловна Бабанова. Бирок анын зыйнатына Өмүрбек Бабановдун барган-барбаганын так билбей турганын айтты.

Өмүрбек Бабанов — белгилүү саясатчы. Ал 2011-2012-жылдары Кыргызстандын өкмөт башчысы болгон. 2017-жылы президенттикке ат салышып, шайлоодо 33,5 пайыз добуш топтоп экинчи орунду ээлеген. Былтыркы жылдын соңунда ал саясаттан кеткенин жар салган.

sputnik