Бишкекте катуу шамалдан дарактар кулап, бир нече машинаны басып калды. Сүрөт

9 апреля 2020 Бишкекте катуу шамалдан дарактар кулап, бир нече машинаны басып калды. Сүрөт

Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, катуу шамал болгондуктан борбор калаадагы дарактар кулап калган.

Koroche Telegram-каналына жүктөлгөн сүрөттөрдөн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн алдында турган бир нече автоунааны дарактар басып калганын көрүүгө болот.

Сүрөт

Мындан сырткары, Марс Черикчиев аттуу соцтармак колдонуучусу бир дарак түбү менен кулап, автоунааны басып калган сүрөттү жарыялады.

instagram.Сүрөт

Ал арада Транспорт жана жолдор министрлиги өлкөнүн көптөгөн аймактарында кар жаап, ал эми ашууларда кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге жеткенин кабарлап, айдоочуларга эскертүү берди.

Тиешелүү кызматтар тарабынан жолдорду тазалоо жана кум, туз себүү иштери жүрүп жатканы айтылат.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

sputnik