Тепловизор адамдын дене табын эмнеге туура эмес көрсөтөт? Каратаевдин жообу

9 апреля 2020 Тепловизор адамдын дене табын эмнеге туура эмес көрсөтөт? Каратаевдин жообу

Үй температурасына ылайыкталган тепловизорлор суук жерден дене тапты бир аз туура эмес көрсөтүп коюшу мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Маалымат жыйында модератор Каратаевге социалдык тармактарда тепловизор адамдын дене табын туура эмес көрсөтөрү талкууланып жатканын айтып, себебин сураган.

"Бул орчундуу маселе. Тепловизорлор бөлмөнүн температурасына ылайыкталган. Ал суук температурада бир аз так көрсөтпөй калган маселелер болду. Кечээ Кытайдын элчиси тарабынан гуманитардык жардам катары бизге тепловизорлор келди. Аппараттын сезгичтиги жогору экендигин көрдүк. Аларды тыштагы тепловизорлорго алмаштырабыз", — деди министрликтин өкүлү.

Кыргызстандагы өпкөнү сезгентүүчү ооруга кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

sputnik