Кыргызстанда дагы 10 адам COVID-19 жуктурган, арасында эки медик бар

9 апреля 2020 Кыргызстанда дагы 10 адам COVID-19 жуктурган, арасында эки медик бар

Кыргызстанда дагы 10 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктурганы аныкталгандардын арасында эки медицина кызматкери бар.

"Бишкекте бир кишиден, Ноокатта бир, Ош шаарында үч, Сузакта төрт, Аксы районунда төрт кишиден коронавирус чыкты. Бейтаптардын үчөө аял, жетөө эркек киши", — деди Каратаев.

Ушуну менен Кыргызстандагы жалпы бейтаптардын саны 280ге жетти. Анын 147и аял, 133 эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда. 

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

sputnik