Бишкек коменданты Орозалиев: дагы эки жума үйдө болушуңуздарды суранам

8 апреля 2020 Бишкек коменданты Орозалиев: дагы эки жума үйдө болушуңуздарды суранам

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу калаа тургундарынан жакынкы эки жумада үйдө болуп турууну өтүндү. Бул туурасында ал брифинг учурунда билдирди.

Орозалиевдин айтымында, сутка ичинде борбор калаада 10 киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Ал алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык убактысы бүткөнүн эске салды.

"Ошондуктан жакынкы эки жумада жана андан кийинки убакыттарда адамдар менен мүмкүн болушунча байланышты азайтып, үйдө болушуңуздарды суранам. Комендатура биринчи кезекте тургундар менен унаа кыймылын азайтуу үчүн иш алып барып жатат", — деди Орозалиев.

Эске сала кетсек, бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы белгилүү болду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө абал кандай экенин Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

sputnik