Министр жаңылган. Жалал-Абад эмес, Ош шаарындагы оорукана жабылат

8 апреля 2020 Министр жаңылган. Жалал-Абад эмес, Ош шаарындагы оорукана жабылат

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлери коронавируска кабылганына байланыштуу убактылуу жабылып, дезинфекцияланат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы жабыларын айткан болчу. Кийин министрликтин маалымат кызматы анын айтканын тууралап, такталган маалымат жиберди.

“Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекцияланууда. Жугуштуу оорулар менен жабыркап дарыланып жаткан балдардын баары Оштогу облустар аралык балдар ооруканасына которулат. Ошондой эле кошумча дагы Кара-Суу райондук балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми аталган оорукананын кызматкерлерине кандайча вирус жугуп калганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлмөкчү.
Белгилей кетсек, өлкөдө 32 медиктин коронавируска чалдыкканы маалым болду.

Коронавирустун кесепети

Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

sputnik