Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус жуктурганы аныкталган адамдар кайсы аймактан экенин айтты.
Бүгүн дагы 42 жаңы учур катталып, өлкөдө COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 270ти түздү.
Бишкек шаарында 10 адам, анын ичинен бирөө медицина кызматкери. Калган тогуз киши сырттан жугузуп келген;
Чүй обулсунда экөө;
Нарын облусунда бешөө, анын экөө сырттан келген, үчөө ич ара байланыштан жугузган;
Жалал-Абад облусунда бирөө, байланыш аркылуу жугузган;
Ош облусунда 24 адамдан табылды, сегизи чет өлкөдөн келген, 16сы жергиликтүү тургун. Анын ичинен 12си медицина кызматкери;
Бул аныкталган адамдар кичи ажылыктан, Москвадан, Пакистандан келгендер экени айтылды. Ал эми Ат-Башы районунда түштүк регионуна дааватка барып келген эки адамдан коронавирус табылган.