Карантинге баш ийбеген айылдарга арак сатууга тыюу салынды

8 апреля 2020 Карантинге баш ийбеген айылдарга арак сатууга тыюу салынды

Сеңирбаев карантин учурунда айрым адамдар эрежени сактабай, чогулуп арак ичип, айыл ичинде чыр-чатак, үй-бүлөлүк зомбулук көп катталып жаткандыктан ушул кадамга баргандыктарын түшүндүргөн.

"Айыл тургундарынын оозеки кайрылууларынын негизинде милициянын аймактык инспектору, айылдык сот, жаштар уюмдарынын катышуусунда отурум өткөрдүк. Айылдык кеңештин депутаттарынын чечими менен биздин айыл өкмөткө караган төрт айылдагы жети дүкөндүн ээлери менен сүйлөшүп, спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салдык", - деди ал.

Айыл өкмөт башчынын айтымында, бир дүкөн ээсинин кредити бар болгондуктан демилгечи топ анын 50 миң сомдук арак-шарабын сатып алып, жок кылган. Ал эми калган 1,5 тонна спирттик ичимдиктерди Нарын шаарындагы фирмалардын өкүлдөрүнө кайра өткөрүп беришкен.

Сеңирбаев мындай аракеттин жыйынтыгы менен айыл ичи тынчтанып, тургундар жазгы талаачылык иштери менен алектенип калганын кошумчалады.

Маалымдай кетсек, аталган айыл өкмөтүнө Орук-Там, Эки-Нарын, Таш-Башат айылдары карайт. Борбору Нарын шаарынан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Нарын облусуна, анын айылдарына да өзгөчө кырдаал киргизилген. Аталган облустан коронавирус жуктуруп алган 5 учур катталган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

sputnik