Россияда коронавирусту дарылай турган препараттар адамдарга сынала баштады

7 апреля 2020 Россияда коронавирусту дарылай турган препараттар адамдарга сынала баштады

Россияда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн иштелип чыккан "Мефлохин", "Гидроксихлорин" жана "Колидавир" препараттарына клиникалык изилдөө жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Препараттарды тестирлөө иши А.И. Бурназян атындагы федералдык медициналык биофизикалык борборунда жасалат. Дары коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптарга алардын кат жүзүндө берген уруксаты менен колдонулат.

Эске салсак, буга чейин Россияда коронавирусту дарылай турган төрт препарат иштелип чыкканы жарыяланган. Адистер "мефлохин" вирустан улам пайда болгон сезгенүүнү алдын аларын айткан болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда коронавируска кабылгандардын саны 7497ге жетти. Ал эми илдеттен 494 киши сакайып кетсе, 58и көз жумду.

sputnik