Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус аныкталды

7 апреля 2020 Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Ушуну менен бейтаптардын жалпы саны 228ге жетти.

"Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун жуктурган 12 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Баары Ош облусунда обсервацияда болчу", — деди Абдикаримов.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

sputnik