Самат Курманкулов бүгүн Бишкекке учуп келди

6 апреля 2020 Самат Курманкулов бүгүн Бишкекке учуп келди

Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов бүгүн Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Sputnik Кыргызстанга билдирди.

“Ал бүгүн Бишкекке келди. Абалы жакшы эле, учурда ИИМдин госпиталында”, - деди Каратаев.

Мурдагы маалыматтарда Курманкулов Екатеринбургдан учуп келери туурасында айтылган. Ал бир нече күн мурда Москвада дарыланып жаткан ооруканадан чыккан.

Чүй ОИИББдин жетекчиси өткөн жылдын 12-августунда Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган.

Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционер-жетекчиге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганы белгилүү болгон.

Кийин ИИМ жетекчиси Москвага барып, Самат Курманкуловго ыйгарылган "Эрдик" медалын тапшырып кайткан.

sputnik