Кыргызстанда коронавирус аныкталган дагы эки киши кайтыш болду

6 апреля 2020 Кыргызстанда коронавирус аныкталган дагы эки киши кайтыш болду

 Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы эки адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эки бейтап кечээ, 5-апрелде, каза болгон.

"Көз жумган бейтаптар ооруканада коронавирустан дарыланып жатышкан. Абалдары буга чейин оор болчу", — деди министр.

Ал эми Республикалык штаб көз жумган бейтаптар Оштон экенин айтты.

Ушуну менен коронавирус аныкталып көз жумгандардын саны төрткө жетти. Ошону менен бирге эле бүгүн дагы жаңы 69 учур катталганы айтылып, жалпы жонунан 42 киши сакайып чыкканы кабарланды.

sputnik