Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев үй карантинине алынды

6 апреля 2020 Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев үй карантинине алынды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына барып келгенден кийин 12 адам менен коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүп, үй карантинине алынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаал начар аймактарда эки күн болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкекке келери менен экспресс-тесттен өтүп, биринен да вирус аныкталган жок. Бирок тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилген.

Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөт аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өтүшкөн.

Эскерте кетсек, Абылгазиев башында турган делегация түштүк тарапка 4-апрель күнү барган. Ал жактагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешкен.

sputnik