3 апреля 2020
3-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы беш учур катталып, сутка ичинде жалпы 14 адам болду. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Бир саат мурда 9 адам жуктурганы айтылган. Жалпы жонунан бир суткада 14 адамдан COVID-19 аныкталды.
Жалпы жонунан вирус тастыкталган 130 учур катталды. Анын ичинен айыккандардын саны бешөө болсо, бир адам көз жумду.