Кыргызстанда коронавирусту дагы 9 адам жуктуруп алды

3 апреля 2020 Кыргызстанда коронавирусту дагы 9 адам жуктуруп алды

Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган тогуз адам катталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, өлкөдөгү стационарларда жалпысынан вируска чалдыккан 125 бейтап жатат. Алардын төртөө оор абалда, бирөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Мындан тышкары, 2-апрелде Оштун Ноокат районунун ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап көз жумган. Бул Кыргызстанда COVID-19 вирусунан көз жумган алгачкы бейтап болду.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

sputnik