Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты

3 апреля 2020 Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты

Кыргызстанда коронавирустан 61 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуктуруп алган дагы тогуз жаңы учур катталды.

"61 жаштагы бейтап 2-апрель күнү Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Ал чет мамлекеттен келген. Бейтаптын башка да илдеттери болгон", — деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта республиканын ооруканаларында 125 коронавирус жуктуруп алган адам дарыланууда. Анын ичинен төртөөнүн абалы оор, бирөө жасалма дем алуу аппаратында.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

sputnik