2 апреля 2020
Бүгүн Кыргызстанда дагы беш кишиден коронавирус чыкканын Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касым Мамбетов брифинг учурунда билдирди.
Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 116га жетти.
"Ноокат районунан 2, Ош шаарынан 1, Кызыл-Кыя шаарынан 2 кишиден табылды. Бул беш кишинин экөө сырттан келгендер. Үчөө Кыргызстандын ичинен жуктургандар. Жалпы 116 бейтаптын 63ү эркек болсо, 53ү аял киши. Беш адам реанимацияда жатат", — деди Мамбетов.
Ал эми беш кыргызстандык оорудан айыгып чыкты. Кечээ кечинде сакайып кеткен эки киши тууралуу маалымат тараган.