Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коронавирус жуктуруп алган эки киши айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин оорун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалыматка караганда, Сауд Аравиядан жуктуруп келген аял менен эркек 1-апрель күнү ооруканадан чыккан.
Коронавирус Кыргызстанда
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (52си эркек, 59у аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.
Бүгүн, 1-апрелде, Ысык-Көл облусунун Түп районунун айылдарынын бири толугу менен изоляцияга алынды. Буга ал айылдын чет өлкөдөн келген сегиз тургуну үй карантинин сактабай койгону себеп болду. Алар учурда обсервацияда.
Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.