Бирөөнү артынан барып жамбашка тепкен киши милиционер экени айтылууда. Видео

2 апреля 2020 Бирөөнү артынан барып жамбашка тепкен киши милиционер экени айтылууда. Видео

Атайын формачан кызматкер тосмонун жанында турган кишини артынан барып тепкен видео интернетке тарады. Аны Oppa.kg Instagram баракчасы жарыялап, анда укук коргоо органдарынын кызматкери экенин жазды.

Видео

“Укук коргоочу жана мыйзамдын “кереметтүү” тепкиси. Ролик "Кудайберген" базары тараптан тартылды”, — деп жазган посттун автору.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Бишкек милициясынын маалымат кызматына кайрылганыбызда, видео текшерилип жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин айтышты.

Эске салсак, Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындан улам коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режимде күндүзү дагы көчөгө олуттуу себепсиз чыгууга болбойт.

sputnik