2 апреля 2020
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча, тагыраагы, парламенттик же президенттик башкарууга өтүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап жатат.
Мыйзамдын долбоору 1-апрелден тарта коомдук талкууга коюлду.
Демилгечинин идеясына караганда, бүткүл элдик добуш берүү 2020-жылдын 4-октябрына белгилениши керек.
Бюллетенде “Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?” деген суроо жана жооптун эки варианты: “президенттик”, “парламенттик” деп көрсөтүлөт.
Эл өкүлү Боршайкомдун божомолу боюнча Жогорку Кеңешти шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтсө, референдумду дагы ошол күнгө, 4-октябрга белгилесе болорун кошумчалаган.
Мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин сайтынан таанышыңыздар.