Ошто карантиндик постто чатак салган аялдын күйөөсү иштен алынды

1 апреля 2020 Ошто карантиндик постто чатак салган аялдын күйөөсү иштен алынды

Ош шаарындагы карантиндик посттордун биринен жолдошунун кызматтык абалынан пайдаланып өткүсү келген аялдын ким экени аныкталып, күйөөсү иштен алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, окуя 31-март күнү саат 15:00дө болгон.

"Аял посттон өтүү үчүн жолдошум УКМКда иштейт деп чатак салган. Териштире келгенде, ал Улуттук коопсуздук кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым күндүк ставкада иштеген дарыгердин аялы болуп чыкты. Аны менен келишим 1-апрелден тарта бир тараптуу токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК өздүк коопсуздук кызматы аталган факты боюнча иликтөөсүн баштап, материалдар КРдин Жазык кодексинин 355-беренеси ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, посттор коюлган. Коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режим 15-апрелге чейин созулары белгиленип, эгер кырдаал начарлай берсе, ӨА тартиби уланары айтылган.

sputnik