1 апреля 2020
Бүгүн Кыргызстандын аймагында дагы төрт адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.
Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 111ге жетти.
"Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орточо оор. Андан башка реанимацияда дагы эки киши бар, алардын абалы туруктуу", — деди Мамбетов.
COVID-19 аныкталган кишилердин 59у аял, 52си эркек киши экени айтылды.
Мамбетовдун айтымында, жалпы жонунан 9128 изилдөө жүргүзүлгөн. Акыркы суткада 884 анализ алынан. Ал эми өлкө боюнча обсервацияда 1588 киши бар.