Президент вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаевди иштен алды

1 апреля 2020 Президент вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаевди иштен алды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошотту. 

Жарлыкка мамлекет башчы кол койду. 

Эске салсак, Жээнбеков 31-марттагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге нааразычылыгын билдирген.

Президент өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген. Ошондой эле Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышын шарттап, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгын сынга алган.

sputnik