Москванын четинде кыргызстандыктар жашап жаткан чатырлар күйүп кетти. Видео

1 апреля 2020 Москванын четинде кыргызстандыктар жашап жаткан чатырлар күйүп кетти. Видео

Москванын жака-белинде эмгек мигранттары, анын ичинде кыргызстандыктар убактылуу жашап жаткан чатырлар күйүп кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, мигранттар ал жерде коронавируска чалдыккандар үчүн оорукана куруп жатышкан.

Видео

Алдын ала айтылган маалымат боюнча, жаракат алгандар жок. Көбүнүн документти өрттөнүп кеткен. Алар курулуш иши бүткөндөн кийин жасала турганы айтылат. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн. Анда кырсык 31-мартка караган түнү болгону белгиленет.

sputnik