Жүрөгүм айланып, аба жетпей... COVID-19 жуктурган кыз оорунун азабы тууралуу

31 марта 2020 Жүрөгүм айланып, аба жетпей... COVID-19 жуктурган кыз оорунун азабы тууралуу

22 жаштагы кыз Европага барып келгенден кийин өзүн начар сезе баштаган. Аягында баспай калып, дарыгерлерге өзү кайрылган.

АКШнын Висконсин штатынын жашоочусу Эми Ширсель коронавирус жуктуруп алгандан кийинки тарткан азабын Twitter баракчасына баяндап жазган. РИА Новости анын жазгандарын жарыялады.

Билдирмеге ылайык, 22 жаштагы Эми Ширсель Европага барып келгенден өзүн начар сезе баштаган.

"Алгачкы күндөрү оорунун белгилери жеңил эле болуп жаткан. Дене табым көтөрүлүп, кичинеден жөтөлүп баштадым. Андан кийин чыйрыгып, башым ооруп, мурдум токтобой калды", — деп жазган ал 28-мартта.

Андан кийин тамакка табити жоголуп, уйкусу качканын айтты.

"Төртүнчү күнү коронавируска тест тапшырсам оң жыйынтык чыкты. Ошондон баштап жүрөгүм айланып, дем жетпей, дене табым 39 градуска чейин көтөрүлүп кетти", — деген ал.

Бир суткадан кийин вирусту илештирип алган кыз баса албай калып, дарыгерлерди чакыртып, алар Ширселди ооруканага жаткырган.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча АКШ азыр биринчи орунда. Бул мамлекетте вируска кабылгандардын саны 165 274кө жетти. 3000ден ашык адамдын көз жумганы айтылды.

sputnik.kg