300 миң сомго чейин айып салынат! Карантинди бузгандар жазаланмай болду

30 марта 2020 300 миң сомго чейин айып салынат! Карантинди бузгандар жазаланмай болду

Кыргызстанда үй карантинине жана обсервацияга алынган жарандар эреже буза турган болсо 300 миң сомго чейин айып салынат. Бул тууралуу Республикалык штаб жарыялады.

Маалыматка караганда, атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, башка адамдарга массалык түрдө оору жуктургандар Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча эки жылга эркинен ажыратылат же айып салынат.

“Жашы жете электер үчүн айып пулдун көлөмү 120 миңден 140 миң сомго чейин болсо, чоң адамдар менен жеке жактарга 260 миңден 300 миң сомго чейин айып салынат”, - дешти Республикалык штабдан.

Ал эми атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, башка адамдардын саламаттыгына анча оор эмес зыян келтиргендерге Эреже бузуулар кодексинин 127-беренеси боюнча II категориядагы айып салынат (17 миң сом). Ошондой эле кайсы бир кызматта иштөөгө же ишкерлик кылууга тыюу салынат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-мартта, өткөн брифинг учурунда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов көчөгө зарыл иши жоктор деле чыгып жатканына байланыштуу күзөт иши күчөтүлөрүн белгилеген.

sputnik