Эч ким тирүү калбаптыр. Маниладагы кулаган санитардык учактын видеосу

30 марта 2020 Эч ким тирүү калбаптыр. Маниладагы кулаган санитардык учактын видеосу

Бул маалыматты news.abs-cbn.com сайты жазды. Маалыматта аба кемесинин Токиого багыт алганы айтылган.

Алоолонгон учакты өчүрүп жаткандагы учур менен кырсыктын алыстан тартылган видеосу интернетке тарады.

Westwind үлгүсүндөгү аба кемесинин ичине сегиз киши түшүп кеткен деп кабарланган. Алар: экипаждын үч мүчөсү, бортмеханик, дарыгер, медайым, бейтап жана анын тууганы экени айтылды.

Маалыматтарга караганда, алар тирүү калган эмес. Дагы бир жергиликтүү басылма бейтап Канаданын, ал эми жанындагысы АКШ жараны экенин жазган.

sputnik