Токмокто Mercedes унаасын электр түркүгү басып калды. Жеринен тартылган видео

30 марта 2020 Токмокто Mercedes унаасын электр түркүгү басып калды. Жеринен тартылган видео

Жол кырсыгы Ленин көчөсүндөгү шаардык мончонун маңдайында болгон. Honda Step унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качкан эмес.

Видео

Сокку урулган түркүк унаанын үстүнө кулаган. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, Mercedes үлгүсүндөгү унааны 29 жаштагы киши батыштан чыгышты көздөй айдап бара жаткан. Видеодон көрүнүп тургандай, айдоочу алдынан чыккан Honda Step Wagon унаасын буйтуп өтүүгө аракет кылып кырсыктаган. Эки айдоочу тең ооруканага баруудан баш тартышкан. Унаалар айып короого киргизилди.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

sputnik