COVID-19 аныкталган 14 кишинин вирусту кайдан жуктурганы айтылды

27 марта 2020 COVID-19 аныкталган 14 кишинин вирусту кайдан жуктурганы айтылды

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 кишинин бешөө кичи ажылыктан келсе, калгандары мурдагы бейтаптар менен байланышта болгондор. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 14 кишинин жетөө Ош облусунан болсо, жетөө Жалал-Абаддан. Тагыраагы, Сузакта жети, Өзгөндө үч, Ноокатта эки, ал эми Кара-Суу району менен Ош шаарында бирден учур катталган.

"Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши. Алар 1 жаштан 68 жашка чейинки адамдар. Беш киши кичи ажылыктан келсе, тогузу мурда оору катталган бейтаптар менен байланышта болгондор. Учурда булар менен байланышта болгон адамдар аныкталып, үй карантинине алынды", — деди Акматова.

Коронавирус Кыргызстанда

Ушу тапта өлкө ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын саны 58 болду. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

sputnik