27 марта 2020
Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган улгайган аял көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Жаран COVID-19 илдетин 12-март күнү Түркиядан келген кызынан жуктуруп алган.
“Бейтап буга чейин кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу бир топ илдеттен дарыланып жүргөн. Ал бүгүн, 27-мартта, таңкы саат 4:30да инфаркт алып көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Республикада коронавирус жуктурган алгачкы факт 15-мартта аныкталган. Бейтап аялдын Франциядан келгени белгилүү болгон. Жума күнү оору жуктургандардын саны 83кө жетти. Ал эми 28 миңден ашык адам карантинге алынса, 18 миң киши үй карантининде.