Кордайга Кыргызстандан барган кыздан коронавирус аныкталды

27 марта 2020 Кордайга Кыргызстандан барган кыздан коронавирус аныкталды

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус жуктурганы аныкталган 24 жаштагы кыз ал жакка Кыргызстандан барганы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ал Кордай районуна 24-март күнү кирип, ошондон бери карантинде кармалып турган.

"Учурда кыз жугуштуу оорулар стационарына жаткырылды, акыбалы канааттандырарлык. Байланышта болгондор текшерилип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-мартта, Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 109га жеткени айтылган.

Өлкөгө 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ал эми 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы шаарлары карантинге жабылган болчу.

sputnik