Бишкекте кечинде асманга ок атылды. Коменданттын түшүндүрмөсү

27 марта 2020 Бишкекте кечинде асманга ок атылды. Коменданттын түшүндүрмөсү

Борбор калаада коменданттык саат башталгандан кийин милиция кызматкерлери баш ийбей автоунаасы менен качкан жигиттердин окуясына байланыштуу асманга ок чыгарууга аргасыз болгон. Бул туурасында Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

"Кечээ кечинде саат 20:30дар чамасында Лев Толстой менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери ак түстүү Toyota Windom автоунаасына токтоого белги беришкен. Бирок айдоочу токтобостон из жашырууга аракет кылган. Аларды тартип сактоочулар Патрис Лумумба көчөсүнөн кууп жеткен. Бирок тигилер каршылык көрсөтүп, милиция табелдик куралы менен асманга эки ирет ок чыгаргандан кийин баш ийип беришкен", — деди Орозалиев.

Комендант кармалгандарды текшере келгенде мас экени аныкталганын белгиледи.

20 жана 25 жаштагы бул эки адам Бишкек шаарынын тургундары болуп чыккан.

Кыргызстанда коронавирус кооптуулугунан улам өлкөнүн бир нече аймагында, анын ичинде Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилген. Коменданттык саат жарыяланып, тартип боюнча кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин эч ким көчөгө, эшикке чыкпашы керек.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

sputnik