Казакстанда коронавирус жуктуруп алган аял каза болду

26 марта 2020 Казакстанда коронавирус жуктуруп алган аял каза болду

Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын арасынан бир аял каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат жана коомду өнүктүрүү министри Даурен Абаевдин айтымына таянып кабарлады.

"Бүгүн коронавирустан Казакстандын жараны, аял киши каза болду. Анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деди министр.

Ал коронавирус өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин дагы бир жолу эскерткенин айтты.

"Азыр болуп жаткан нерсе баарыбыз үчүн сыноо. Бийлик жана дарыгерлер айткан эрежелерди аткаруу керек", — деди Абаев.

Эске салсак, Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 109га жетти.

Ал эми Кыргызстанда 44 адам бул илдеттен дарыланууда. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына өзгөчө абал режими киргизилген.

sputnik