Коронавирус жуктурган биринчи адам ким экени жарыяланды

26 марта 2020 Коронавирус жуктурган биринчи адам ким экени жарыяланды

Кытайда биринчи коронавирус Ухандагы деңиз азыктары сатылган "Хуанань" базарында креветки сатып иштеген аялдан табылган. Бул тууралуу Кытайдагы "Пенпай" аттуу алдыңкы гезиттердин бири жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 11-декабрында базардын аймагында павильон иштетип келген Вэй аттуу аялдын дене табы көтөрүлүп, үйүнүн биринчи кабатында жайгашкан клиникага кайрылган. Бирок ал жактан жардам болгон эмес. Акыры аял 16-декабрь күнү Хуачжун илим жана технология университетинин алдындагы "Сехэ" ооруканасына кайрылганда гана коронавирус жуктурганы аныкталган.

Гезит журналисттеринин колуна ооруну жуктуруп алган алгачкы бейтаптардын дагы тизмеси тийген. Ага ылайык, 24 киши "Хуанань" базарына барышкан. Алардын төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Мындан сырткары, аталган басылма базарга барбай туруп эле оору жуктуруп алган алгачкы адам ким экенин дагы билип көргөн. Ал Чэнь аттуу киши экени, 16-декабрда дене табы көтөрүлгөнү аныкталган.

Жаран дарыгерлерге компаниялардын биринде финансист болуп эмгектенерин айтып, базарга барбаганын жана тирүү куштар менен байланышта болбогонун билдирген. Ал вирусту метродон жуктуруп алышы ыктымалдыгын белгилеген.

Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, жүз миңдеген кишиге жугуп, миңдеген киши көз жумуп жатат. Ошондой эле айыккандар да арбын.

Азыркы учурда Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 81 727 адамга жетсе, 3169 киши көз жумду. Ал эми 61 миңден ашык адам сакайып кетти.

sputnik