Коронавирус жуктурган 5 кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулду

26 марта 2020 Коронавирус жуктурган 5 кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулду

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын ичинен беш кишинин абалы начарлап, реанимацияга которулду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 5-февралдан бери 2940 адамдын анализи алынып, 44 адамдан COVID-19 инфекциясы табылган. 

“Мурда бир адам реанимацияда жаткан, кечээ дагы бешөө которулду. Алардын айыгып чыгышы үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Ал эми 10 адамдын абалы орточо оор. Калган 26 адамдын абалы канааттандырарлык”, — деди Акматова.

Ал эми обсервацияда санитардык дарылоодон өтүп жаткан кыргызстандыктардын 34ү аталган жайдан чыгарылган.

Белгилей кетсек, буга чейин да Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткан 71 жаштагы эркек кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулган. Ушу тапта кайра жандандыруу бөлүмүндө жалпы жонунан алты киши дарыланууда.

Коронавирус Кыргызстанда

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды. 

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз. 

sputnik