Италия: сөөк өрттөгөн жайдагы толтура табыттар. Жүрөк сестенткен видео

26 марта 2020 Италия: сөөк өрттөгөн жайдагы толтура табыттар. Жүрөк сестенткен видео

Жүрөктү сестенткен кадрлар интернетке чыкты. Италиянын Пьяченца провинциясы азыр COVID-19 кайнап жаткан жердин бири. Маалыматтарда бул аймакта адам өлүмү көп болуп жатканы айтылат.

Интернетке табыттардан бош жер дээрлик калбаган видео тарады.
Адамды акыркы жайга узаткан бул жай кишилердин мынчалык өлүктөрүн кабыл алууга эсептелген эмес деп айтылат маалыматта.

Крематорийдин кызматкери күнүнө бул жерге орто эсеп менен 25тен табып түшүп жаткандыгын, ал эми иштегендер анын жарымысын гана алып жаткандыктарын айтып берген.

Кишинин сөөктөрү Пьяченцага коңшу аймактардан да, тагыраагы Италиянын борбордук жана түндүк жагынан да жеткирилип жатканын кошумчалады.

Алар табытты убактылуу кармоого да жер калбай калгандыгын айтышкан.

Учурда Италия Европа өлкөлөрүнүн ичинен COVID-19 коронавирусу абдан ылдамдык менен тарап, адам зыянга болуп көрбөгөндөй көп тушугуп жаткан мамлекет болууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Италияда 69 миң киши ооруну жуктурса, алардын 6 800ү каза тапкан.

sputnik