Бишкекте коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды

26 марта 2020 Бишкекте коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды

Бишкекте коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Алар райондук милициялардын бөлүмдөрүнө жеткирилди.

"Чаралар көрүлүп жатат. Коменданттар ордунда, ишеним телефондору күнү-түнү иштеп жатат. Шаар ичин 70 кайгуул автоунаасы кыдырып жүрөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек экенин эскерткен. Анткени бул убакта коменданттык саат жарыяланган. Күндүз дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө жана ооруканага гана чыкса болот.

sputnik