Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео

24 марта 2020 Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео

Бүгүн, 24-марттан тарта Бишкекти тегерете 12 санитардык-карантиндик пост коюлду. Ал жерде автоинспекторлор, милиционерлер, ӨКМ кызматкерлери жана медиктер калаага кирген автоунааларды токтотуп, ичиндеги адамдарды тепловизор менен текшерип жатат.

Эгер дене табы 37 градустан жогору болсо, ошол жерден каттоого алып бейтапканага жөнөтөт. Ошондой эле алар зарылчылыгы жок болсо шаарга келбей, үйдө болуу керектигин, көчөдө бет кап тагынып жүрүү зарылдыгын эскертүүдө. Аймактарга каттаган коомдук транспорт токтотулгандыктан, эл ташыган маршруткаларды өткөрбөй жатышат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу Жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишиндеги постко барганда ар бир жаран тыкыр текшерилип жатканына күбө болду.  Жарым сааттын ичинде эки адамдын дене табы көтөрүлгөнү аныкталып, бейтапканага жөнөтүлдү.

Сокулук тараптан келе жатканда Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги постто жалгыз тепловизор менен иштеген дарыгер жетишпей жатканы байкалды. Айрым автоунааларды карабай эле өткөрүп жатышты.

7-Апрель көчөсүнө дагы санитардык пост коюлган, бирок ал жерде тепловизор иштебей жатканын айтышты. Ал эми Курманжан датка көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишиндеги постко медик келе электиги белгилүү болду.

Учурда борбор калаадагы базарлардын азык-түлүк саткан жайлары гана иштеп жатат. Адатта миңдеген адам жүргөн базарларда бирин-серин гана кишилер жүрөт. Мындай учурду "Аламүдүн" жана "Ош" базарларынан көрө алдык.

Ал арада Бишкек — Ошко каттаган таксисттер жол кирени эки эсе кымбаттатканы ачыкталды. Башкача айтканда, баа 1000 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, эртең, 25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ноокат, Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилет.

sputnik