Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилмей болду

24 марта 2020 Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилмей болду

Эртеңден тарта Кыргызстандын бир катар шаар, облустарына өзгөчө абал киргизилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушкан.

Анда өлкөдө коронавирустун жайылып жатышы тууралуу сөз болгон. Мындан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө абал киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Президент тийиштүү жарлыктарга кол коюлуп Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Аталган шаарларда өзгөчө абал 25-марттан тарта 15-апрелге чейин киргизилмекчи.

Бул убакыттан тарта көрсөтүлгөн шаар, райондордо комендатура уюштурулат.

Президент санитардык-карантиндик посттон өтөрдө азык-түлүк ташыган жүк ташуучу унааларга маани берүү керектигин баса белгилеген.

sputnik