Кайсы азыктар вирустардан коргойт? Дарыгердин кеңеши

24 марта 2020 Кайсы азыктар вирустардан коргойт? Дарыгердин кеңеши

Россиялык дарыгер-диетолог Лидия Ионова вирустук ооруларды алдын алчу азыктарды атады. Дарыгердин кеңеши РИА Новостиге жарыяланган.

Дарыгер илдет өтүшүп кеткенге чейин адам витаминге бай азыктар менен ооруну алдын алса болорун айткан. Бирок дарт өтүшүп кетсе, эч кандай азык аны айыктыра албай турганын баса белгилеген.

"Деңиз капустасы, сарымсак, пияз, айрыкча кызыл пияз жана имбирь вируска каршы эң эффективдүү азыктар болуп эсептелет. Эпидемия учурунда бул азыктар ар бир адамдын тамак рационунда болушу керек. Буларды чийки бойдон, эч кандай кошулмасы жок пайдаланууну сунуш кылам", — деген Ионова.

Диетолог карри менен куркуманы да бөлүп караган. Булар канды тазалап, токсиндердин пайда болушуна бөгөт коюп, боордун иштөөсүн жакшыртат. Инфекциялык ооруларды алдын алууга брокколи сыяктуу капустанын түрлөрү жана жемиштер да жардам берет.

Дарыгер бул азыктарды колдонуунун алдында өнөкөт оорулары барлар алгач адистерге кайрылышы керектигин эскерткен.

Ионова туура тамактануу режимин сактап, күнүгө аз-аздан жашылча-жемиш, жаңгактын түрүн жеп турууну сунуштады.

sputnik