Вице-премьер: азык-түлүктүн баасы жогорулайт

23 марта 2020 Вице-премьер: азык-түлүктүн баасы жогорулайт

Вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда азык-түлүккө болгон баа жогорулай турганын билдирди.

Ал буга чейин Финполдун кызматкерлери бааны жасалма түрдө жогорулаткандарды ооздуктаганын белгиледи. Бирок учурдагы мониторинг боюнча айрым азык-түлүккө болгон баа үч пайызга чейин кымбаттай турганын айтты.

"Ошондуктан баарын баанын көтөрүлүшүнө даяр турууга чакырмакчымын. Кризистин кесепетинен инфляция өсүп жатат. Бирок өкмөт баалардын кескин жогорулап кетишине жол бербөө боюнча иш алып барууда", — деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, мурдараак Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 11 азык-түлүктүн орточо баасын бекиткен.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, үчөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Эске салсак, Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

sputnik