Сотто отурган Атамбаевдин абалы начарлап, процесс кийинкиге жылды

23 марта 2020 Сотто отурган Атамбаевдин абалы начарлап, процесс кийинкиге жылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлагандыктан сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Атамбаев бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга алып келинген.

"Түштөн кийин Алмазбек Шаршеновичтин абалы начарлап, кан басымы аябай төмөн түшүп кетти. Муну коштоп келген УКМКнын тергөө абагынын санитардык дарыгери дагы тастыктады", — деп жазган Жолдубаева.

Кийинки сот отуруму 30-март, саат 10.00гө жылдырылды.

facebook

Эске салсак, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев баш болгон 14 кишиге расмий түрдө айып тагылган.

Ал эми Башкы прокуратура козголгон кылмыш ишти карап чыгып, сотко жөнөткөн. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, алар Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айыпталып жатат. Атап айтканда, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, адамдарды барымтага алуу, киши өлтүрүү, массалык башаламандык уюштуруу жана курал-жаракты мыйзамсыз сактоого күнөөлөнүүдө.

sputnik